Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:19

Ливандагы митингде ондогон адамдар жабыркады


Бейрут, 15-декабрь 2019-жыл

Ливанда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда ондогон адамдар жабыркады. Башкалаа Бейрутта өкмөткө каршы акциялардын жаңы толкуну эки түн катары менен уланды. Ишембиде күч түзүмдөрү демонстранттарга каршы жаш чыгарчу газ чачып, желим таяктарды колдонду. Нааразылык акциясына чыккандар полицияга таш ыргытышты. Бул ирет көчөгө чыккандар эки ай мурда демонстранттардын талабы менен кызматтан кеткен премьер-министр Саад Хариринин кайрадан өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршылыгын билдиришти.

Алгач элдин козголушуна «WhatsApp» жана башка мессенжерлер аркылуу чалуу үчүн акы алуу тууралуу чечим себеп болгон. Бийлик бул сунушунан баш тартканы менен демонстранттар экономикалык абалды оңдоону, коррупцияны жоюуну, бийликтеги элитаны жапырт алмаштырып, техникалык өкмөт түзүүнү талап кыла башташкан.

Жаңы премьер-министрдин аты ушул жумада өтчү парламенттик жыйында белгилүү болмокчу. Көптөр Саад Хариринин талапкерлиги көрсөтүлөрүн болжолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG