Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Кумтөр кенинде жоголгон жумушчулар табыла элек


Кумтөр. Жер көчкөн аймак.
Кумтөр. Жер көчкөн аймак.

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда дайынсыз болуп жаткандарды 100дөн ашык куткаруучу издеп, 59 оор техника тартылган.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевди таппай калышкан. Андан бери жумушчуларды издөө ишинен майнап чыга элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кендеги көчкөн жер катмарынын көлөмүнүн узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр экенин билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кумтөр кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштери жай жүрүп жатканын айтып, зарыл болсо коңшу мамлекеттерден жардам суроону сунуш кылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG