Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:16

Казакстан: митингде 55 киши кармалган


Алматыдагы митингдин катышуучуларын кармап кетүү. 16-декабрь, 2019-жыл

Казакстандын Ички иштер министрлиги 16-декабрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында 55 киши кармалганын билдирди. Бул маалымат мекеменин сайтына чыкты.

Министрлик акциянын катышуучулары “мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабын аткарбай койгондуктан башкалаада 32, Алматыда 23 киши полицияга жеткирилгенин, алардын административдик жоопкерчилиги каралып жатканын” маалымдады.

16-декабрда кошуна өлкөнүн эки шаарында 1986-жылкы Желтоксон окуяларынын жана 2011-жылкы Жаңы-Өзөн көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү акциялары өткөн. Катышуучулар тарыхтын кайгылуу барактарын унутпоого чакырып, бир катар саясий талаптарды коюшкан. Ага чейин бир нече шаарда 20дан көп киши административдик камакка алынган. Алар ноябрь-декабрь айларындагы акцияларда “тынч жыйындарды өткөрүү жол-жоболорун бузушкан” деп күнөөлөнгөн. Активисттер жана укук коргоочулар кармоону бийликтин митингдердин алдын алуу аракети деп баалашты.

16-декабрда митинг өткөрүүгө каттоодон өтпөгөн “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы жана башка уюмдар үндөп келген.

XS
SM
MD
LG