Сириянын өкмөтчүл күчтөрү Идлиб провинциясындагы де-эскалация тилкесин артиллериядан аткылаганда өлгөндөрдүн саны 22 кишиге жетти. Бул тууралуу 17-декабрда “Ак каскачандар” жарандык коргонуу агенттиги билдирди. Алардын айтымында, каза тапкандардын арасында балдар да бар. Чабуулдан улам жайкын тургундар Түркия менен чек ара аймагындагы коопсуз жерлерге агылышты.
2018-жылы Москва менен Анкара ортосунда келишимге жетишилгенден бери Идлибдеги де-эскалация тилкесинде 1 300дөн көп киши набыт болду.
2011-жылдан бери жарандык согуш тынчыбай келаткан Сириянын 3 жарым миллиондон көп жараны кошуна Түркияга качкан.