Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

ИИМ: Атамбаевге Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилген


Алмазбек Атамбаев.

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы "Альфа" түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин билдирди.

18-декабрда таратылган расмий кабарга ылайык, Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда 18-ноябрда маалымдама тапшырылган.

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG