Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:45

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү (видео)


Зиядин Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Зиядин Жамалдинов чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алды.

- Баткенде эл «эртең эмне болуп кетет?» деп коркуп жашап жатат. Чыр чыкканда эле өкмөткө айтабыз. Өкмөт болсо «болду, сүйлөшүп койдук, протокол түздүк» дейт. Үч-төрт ай өтпөй кайра эле жаңжал чыгат. Делимитация жана демаркация маселесин тез арада чечиш керек. Антпесе чыр токтобойт. Болбосо өкмөт ай сайын келип иш ордунан жылып жатабы - маалымат берип турсун, - деген сунуш киргизди Жамалдинов.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Жараат алгандардын арасында үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун бар.

Эки өлкөнүн жарандары 18-декабрда эртең менен чырдашып, бири- бирине таш атышкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG