Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Башкы прокуратура: Токтакуновдун арызы мыйзам чегинде каралып чыккан


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Башкы прокуратура юрист Нурбек Токтакуновдун арызы мыйзам чегинде объективдүү жана өз маалында каралып чыкканын билдирди. Бүгүн 20-декабрда мекеменин басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүдө “Адвокат Токтакуновдун 10-декабрдагы кайрылуусу автоматташтырылган базага катталган жана эртеси күнү эле УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген” деп айтылат.

Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга эч тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда.

9-декабрда Нурбек Токтакунов Матраимовго каршы Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок Башкы прокуратура арызды карабай жатканы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG