АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусия менен Кытай "колдору канга булганганы үчүн" БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдогон жок деп айыптады. Резолюцияда Сирияга гуманитардык жардам берүүнү бир жылга узартуу каралган. Майк Помпео 21-декабрда жасаган билдирүүсүндө "миллиондогон сириялыктарды багып жаткан жардамды эч ким токтото албайт" деп айтты.
20-декабрда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен Кытай резолюцияга вето койгон. Калган 13 өлкөнүн өкүлдөрү макулдугун беришкен.
Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын жакын өнөктөшү болуп саналат.
Бириккен Улуттар Уюму согуштан жабыркаган Сирияга 2014-жылдан бери гуманитардык жардам жеткирип келет. Уюмдун азыркы мандаты 2020-жылдын 10-январында күчүн жоготот.