Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:41

Орусияда Интернет коопсуздугу боюнча окуу өттү


23-декабрда Орусияда киберкоопсуздук боюнча окуулар өттү. Бийликтин демилгеси менен өткөн бул иш-чараны жарандык активисттер цензураны күчөтүү аракети деп аташты.

Байланыш министринин орун басары Алексей Соколов окуу Орусияда кандай кырдаал болбосун Интернет менен камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик "Россия-24" телеканалы жаңы техникалар эки жумадан бери сыноодон өтүп жатканын кабарлады.

Жакында президент Владимир Путин "көз карандысыз Интернет" деп аталган мыйзамга кол койгон. Ал мыйзам провайдерлерди атайын жабдык орнотушун талап кылат. Аны менен веб-трафикти көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мыйзам Орусиянын ичиндеги домен системасын түзүүнү камтыйт. Мыйзамдын жактоочулары бул Рунеттин көз карандысыз болушуна шарт түзөт жана Орусияны киберчабуулдан коргойт дешет. Бирок, сындагандар мыйзам цензураны күчөтүп, атайын кызматтар Интернеттин активдүү колдонуучуларын көзөмөлдөөгө шарт түзөрүн айтышууда (TSh)

XS
SM
MD
LG