Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Батукаев боюнча соттук отурум УКМКнын имаратында өтүп жатат


Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук отурумдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталып жатат. Анын уулу Кадыр Атамбаев сот аларды жараянга катыштырбай жатканын билдирип, отурумдардын атайын кызматтын имаратында өткөнүн сынга алды.

Соттук процессти УКМКнын имаратында өткөрүү чечимин 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган. Алмазбек Атамбаев иш боюнча баштапкы соттук угууга келүүдөн баш тартып, катышкан эмес. Кийин соттук териштирүүгө да келбей, жактоочулары аркылуу сотту ансыз эле өткөрө берүүгө макул экенин билдирген. Ал сотко бир гана жолу - 29-ноябрда алып келинген.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG