Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

"Мемориал" Орусиядагы саясий туткундардын жаңы тизмесин жарыялады


"Мемориал" укук коргоо борбору Орусиядагы саясий туткундардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Ага 314 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын 250сү дин тутуу эркиндигин жайылтуу же диний көз карашынан улам, 64ү саясий көз карашына байланыштуу темир тор артында отурат.

Укук коргоочулар бул тизмеге тек-жайы жана ишмердиги такталган кишилер гана киргенин белгилеп, саясий туткундардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын кошумчалашкан.

2019-жылдын октябрында бул тизмеде 305 адамдын аты-жөнү бар эле.

"Мемориал" укук коргоо борбору орус бийлигинен бардык саясий туткундарды тезинен бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG