Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Юрист Токтакунов опуза жөнүндө арыз жазды


Укук коргоочу жана камактагы бир нече саясатчынын адвокаты Нурбек Токтакунов телефондон коркутуу болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылды. Токтакунов “Азаттыкка” маалымдагандай, арызда 18-декабрда өткөн "#REакция 2.0" тынчтык акциясынын алдында белгисиз бирөө чалып, «акцияга барба» деп эскертүү болгонун жазып берген. "24.kg" сайты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында адвокаттын арызы боюнча териштирүү башталганын жазды.

18-декабрда укук коргоочу Динара Ошурахунова белгисиз адам телефон чалып, коркутканын билдирген. Милиция бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө ишин жүргүзүп жатканы кабарланган.

18-декабрда «REакция 2.0» акциясы өтүп, анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG