Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

19:21 25.12.2019

Сооронбай Жээнбековдун президент катары экинчи маалымат жыйыны үч саатка созулду. Бул ирет өлкө башчынын басма сөз кызматы жыйындын форматын өзгөрткөн. Буга чейин журналисттер микрофонго келип кезекке турса, бул ирет маалымат жыйынынын катышуучуларынын кол көтөргөнүнө жараша президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева сөз берип жатты.

Алгач президент акыркы эки жыл ичиндеги аткарылган иштер жөнүндө учкай маалымат берди.

Жээнбеков өлкөдө аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу, коррупция менен күрөштү күчөтүү, сот-укуктук реформасын жүргүзүү ишинде жылыш бар экенин азыноолак айтып берди.

Президентке берилген суроолор жана жооптордун мазмунуна келсек, Жээнбеков учурда эң кызуу талкууланып жаткан саясий окуялардан баштап, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш, кадр саясаты, Көркөм сүрөт музейинде өткөн көрсөтмөгө чейинки соболдорго жооп кайтарды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодогу негизги атаандашы Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткенине комментарий берип, "анын мисалы чоң саясат менен бизнес аралашпашы керектигин көрсөткөнүн" билдирди.

- Бабанов шайлоодо мага негизги атаандаш болгон, кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага да менин атымды аралаштырганга аракет кылышты. Анын партия лидерлигинен кеткенин сыртта жүрүп уктум. Ал киши тууралуу башка сөздү айтканым туура эмес болуп калат, - деди Жээнбеков.


Президент шайлоо өнөктүгү учурундагы Бабановго берем деген 25 суроону эми тергөө бере турганын кошумчалады.

Бир кездеги саясий үзөңгүлөшү, учурда атаандашына айланган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамилесине токтолду. Жээнбеков акыркы кырдаалга Атамбаевди жоопкер деп атады:

- Президент болгондон бери канча айтса да, мен бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги, бүтүндүгү абийиримен да, тагдырыман да бийик турат. Көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрүп жаттыңар. Мамлекетти экиге бөлгөнгө, бийликти басып алганга чакырыктар болуп жатты. Баарына чыдадым, “эми токтоор” деп күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келди. Маселе эми мыйзам чегинде чечилет. Ал азыр менин колумда эмес. Ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Парламент саясий баасын берди, ага кошумча айта албайм. Бул маселе менин да жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот, оңой эмес. Мен эми бир топ адамдардын эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм. Келечекте мени эмне күтөт, Кудайдын колунда, -деп жооп берди.


Президент өлкөдө саясий репрессиялар болуп жатат деген сын-пикирлерди четке кагып, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.

Жээнбеков президент болгондон тарта эле коррупция көйгөйүн Коопсуздук кеңешинде карай баштаганын, ошонун жыйынтыгын январь айында талкуулап, кандай натыйжа болуп жатканын сурай турганын билдирди.

Матраимов боюнча...

Жыйындын жүрүшүндө коомчулукта абдан кызуу талкууланып жаткан бажыдагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылган миллиондор боюнча суроо берилди. Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартуу үчүн ага карата айтылгандар юридикалык жактан бекемделиши керек деп эсептейт. Ал Матраимовду жемкорлуктун символу катары президентке байланыштыруу аракети жүрүп жатканын билдирди:

- Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгер дагы билгениң болсо ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?! Бардык кезде ошондой болуп келген. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз, - деди президент.

Жээнбеков "Азаттык", "Клооп" жана "Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбордун" биргелешкен иликтөөсүндө аты аталган уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдыкадыр менен тааныш экенин ырастап, бирок эч кандай бизнес ымаласы жоктугун ачыкка чыгарды:

- Инаугурацияга адамдарды чакырууну, кайда отургузууну, бүт уюштуруу маселелерин мурдагы президенттин аппараты алып барган. Мен бул кишини тааныйм. Тааныбайм дебейм. Ошто губернатор болуп жүргөндө Кызыл-Суу автоном облусу менен 2013-жылы бизнес форум өткөргөнбүз. Ошондо иниси келип, таанышканбыз. Аны менен мурдагы президенттин да жолугушуусунда болгонбуз. Ал киши менен жолугушуум 2017-жылы болгон. Атамбаевдин кабинетинде үчөөбүз жолукканбыз. Инаугурацияга келди, аны билем. Бирок мен көп кишини тааныйм. Инвестиция тартыш үчүн форумдарды өткөргөм. Кээ бирлер ойлогондой, менин аны менен бизнес мамилем, эч кандай мамилем жок.


Маалымат жыйынында президент бир нече жол коррупция менен күрөштө маалымат каражаттарынын салымын белгилеп, алкыш айтып жатты.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө сөз эркиндигине карата басым жок экенин белгилеп, аны коргоого бардык аракетин көрө турганын убада кылды.

Президент келерки жылы өтчү парламенттик шайлоого да токтолуп, бир нече жолу адилет шайлоо өткөрүүгө сөз берди. Ага учурда парламентте депутат болуп турган иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиевди кийинки шайлоого катышпоого чакырасызбы деген суроо да берилди.

- Ар бир адам өзү чечет. Мен бул маселе боюнча сүйлөшө элекмин. Алардын конституциялык укугун чектей албайм. Убактысы келгенде өздөрү чечет, - деген жооп кайтарды Жээнбеков.

Жыйында тышкы саясат жөнүндө кеп козголуп, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери боюнча маалымат берди. Жээнбековдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы тактоо иштери кыйын болуп жатат:

- Алмашчу жерлерди алмашалы, чек араны чечили, эл менен кеңешели деп жатабыз. Чек ара маселесине этият мамиле кылышыбыз керек. Мен бул боюнча күндө иштейм. Ачыгын айтканда, минада отургандай эле болуп жатабыз, - деди.

Сооронбай Жээнбековго өлкөдөгү кадрдык жүрүштөр боюнча собол ташталды. Тагыраагы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине эмне үчүн Азимбек Бекназаров тандалганына журналисттер кызыкты. Президент Бекназаровду өз пикирин тайманбай айткан саясатчы катары сыпаттап, ага кызматты өзү сунуштаганын билдирди.


Дагы бир саясатчы, абактагы мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ырайым сураганы боюнча суроого баарын сот чечет деген жооп узатты.

- Мен азыр Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко "Сен мындай кыл" деп айтсам туура эмес болот. Сот системасы - мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок мыйзам чегинде чечкенди да үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап, “Муну эмне кылабыз?” деп айтып жатышты. Мен “Мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да” деп айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар, - деген пикирин билдирди.


Өлкө башчысы Бишкекте ноябрда өткөн Феминнале көргөзмөсүндөгү айрым көрүнүштөрдү аялдарды маскаралоо деп баалады. Ошондой эле диний ишенимге туура келбей турганын кошумчалап, көргөзмө "туура эмес уюштурулган" деген өңүттө пикирин билдирди. Иш-чараны колдогон саясатчыларды сындады.


Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынына 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 180ден ашык журналист катталган. Алардын 30га жакыны суроо берүүгө үлгүрдү.

Макаланын башында белгиленгендей, маалымат жыйындын форматынын өзгөрүшү айрым журналисттердин нааразылыгын жаратты. Маселен, президентке суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилбеген "Клооп" порталынын кабарчысы Евгения Михайилдинин айтымында, коомдогу урунтуу маселелер боюнча суроо берилбей калды:

- Бизге быйыл формат өзгөрдү, кол көтөргөнгө жараша сөз берилет дешкен. Мен өзүмдүн узун боюма карабай туруп алып, президенттин маалымат катчысы мени байкайбы деп болушунча колумду көтөрүп жаттым. Айла кеткенде жыйын соңунда президентке кайрылууга мажбур болдум. Бирок көңүл бурушкан жок. Мен муну цензура деп эсептеймби? Дал ошондой цензура болду деп ойлойм.

Мындай сындарга президенттин басма сөз кызматы жооп кайтара элек.

Жалпысынан Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны күндүн башкы окуясы болду. Коомчулукта, социалдык тармактарда аны кызуу талкуулап жатышат.


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы көбүнесе өкмөткө тиешелүү суроолорго жооп берди деп ойлойт:

- Премьер-министр кылган иштерди "мен жасадым" деп айтып берди. Мамлекет башчынын бул сөзүнөн кийин парламент өкмөттүн отчетун укканда начар болсо да, колдоп берет. Кыргызстанда Конституция иштебей жатат. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көз көрүнө эле президент алып койгон.

Ал эми президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Жээнбековдун басма сөз жыйыны бүйүр кызыткан бардык суроолорго жоопторду камтыганын билдирди:

- Бардык суроолорго ачык-айкын жооп берди. Айрымдар ага ынанбашы мүмкүн. Бирок Жээнбеков чын жүрөктөн жооп берди.

Президенттин маалымат жыйыны учурунда кызык жагдай жаралды. Үч саатка созулган жыйында эң акыркы суроо катары Жээнбеков өзү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясатын колдоо фонду деп аталган уюмдун өкүлү Нусрет Мамедовго сөз берген. Ал микрофонго чыгып, президентти мактап, "экинчи мөөнөткө калышыңыз керек" деп сунуштай баштаганда Сооронбай Жээнбеков "сурооңду токтот" деп үзүп койду. Муну айрымдар президенттин Баш мыйзамды өзгөртүп, мөөнөтүмдү узартпайм деген ишарасы катары кабыл алышты.

16:59 25.12.2019

16:49 25.12.2019

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президент суроолорго чын жүрөктөн жооп бергенин айтты:

16:48 25.12.2019

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин президенттин бүгүнкү жыйыны тууралуу пикири.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG