Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

Жээнбеков: Бабанов тергөөгө барып актанып, чындыгын көрсөтсүн (видео)


Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Коллаж. Архивдик сүрөт.

Саясатчы Өмүрбек Бабановго актыгын тергөөдө далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал өз чындыгын далилдей алат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди:

- Бабановдун таржымалы - чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин накта үлгүсү. Мурда иш козголгон экен, экономикалык иштери бар экен. Азыр тергөө жүрүп жатат. Ага шарт түзүлдү. Барып актансыз, чындыгын көрсөтсүн. Мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башка бир нерсе деп айтуу, ал киши жөнүндө, мага туура эмес го.

Бабанов быйыл 24-декабрда "Республика" партиясынын кезексиз курултайын чакырып, лидерликти тапшырып берди. Саясаттан кеткенин жарыялады. Саясатка аралашпай турганын ал эки жыл мурда да билдирген.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы Бабанов болгон. Ошол кезде Коомдук биринчи каналдагы теледебат учурунда алар эл алдында кайым айтышып, Жээнбеков Бабановго "Президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөнү кабарланган. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG