Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:41

Депутат сырттан алынган насыялар боюнча жыйын өткөрөт


26-декабрда саат 10:30да Жогорку Кеңештин басма сөз борборунда депутат Акылбек Жапаров "Тыштан алынган насыяларды жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу" деген темада басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Акылбек Жапаровдун сырткы карыздардан кутулуу, насыяларды натыйжалуу пайдалануу боюнча айрым сунуштары коомчулукта талкууланып келет.

Кыргызстан тышкы карыздын негизги бөлүгүн 2024-жылдан тарта төлөй баштайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда Финансы министрлигинин маалыматына таянып билдирген. Финансы министрлигинин 2019-жылдын сентябрындагы маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары тышкы, 686,50 миллиону ички карызга кирет. Карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG