Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 17:54

ВТБ банкынын башчысы Навальныйдын иликтөөсүнө жооп берди  


ВТБ мамлекеттик банкынын башчысы Андрей Костин Коррупцияга каршы фонддун иликтөөсү боюнча комментарий берип, “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Наиля Аскер-заде менен мамилеси жакшы болгонун билдирген.

Коррупцияга каршы фонддун маалыматына ылайык, Наиля Аскер-заде Костиндин эсебинен элиталык үйлөрдү, 62 млн. долларга яхта жана жеке учак алган.

Костин “Навальныйдын иши - калп айтуу менен өзүнө капитал топтоо. Мен ага жардам бергим келген жок” деп, эч кандай реакция кылбай турганын билдирди. Костин мындан кийин иликтөө боюнча комментарий бербей турганын кошумчалады.

Костин менен Аскер-заденин байланышы жөнүндө Коррупцияга каршы фондунун иликтөөсү 2-декабрда чыккан. Аны Алексей Навальныйдын "Ютуб" каналында 5 миллиондон ашык адам көрдү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG