Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Данияр Мукашев Сан-Мариного элчи болду


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Данияр Мукашев Кыргызстандын Сан-Марино Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда кол койду.

Расмий маалыматка ылайык, Мукашев бир канча кызматтарды айкалыштырып иштейт. Анын милдетине Кыргызстандын Швейцариядагы, Италиядагы, Лихтенштейндеги элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Бишкектин өкүлү кызматтары да кирет.

Данияр Мукашев мурда Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарында жайгашкан башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенген. (SE)

XS
SM
MD
LG