Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:06

Нотр-Дам чиркөөсү урап калышы мүмкүндүгү айтылды


Өрттөн кийинки көрүнүш.

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүнүн урап калуу ыктымалдыгы 50% түзөт. Бул тууралуу чиркөөнүн башчысы Патрик Шофеге шилтеме кылып AP агенттиги кабарлады.

Шофенин айтымында, имарат ичинде калган курулуш шатыларын чыгаруу маалында урап түшүшү мүмкүн.

Шаршемби күнү чиркөөгө мунаралуу кран алынып келген. Жергиликтүү "Le Parisien" гезитинин маалыматына караганда, анын жардамы менен имарат өрттөнгөнгө чейин тургузулган техникалык курулмаларды чыгаруу пландалган. Ошол эле маалда курулуш шатыларын чиркөөгө зыян кылбай чыгаруу өтө оор экени белгиленүүдө.

Буга чейин Франциянын Маданият министрлиги чиркөөнү калыбына келтирүү иштери 2020-жылдын аягына чейин башталбай турганын билдирген.

Өлкө президенти Эммануэл Макрон чиркөөнүн реставрациясы 2024-жылга карата аяктарын айткан. Бирок архитекторлор калыбына келтирүү иштеринин бул мөөнөттө бүтүү ыктымалдыгы өтө төмөн экенин белгилешүүдө.

Быйыл Нотр-Дам чиркөөсүндө соңку 200 жылда биринчи жолу Рождествого карата диний жөрөлгөлөр өткөн жок.

850 жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу менен чатыры 15-апрелде өрттөн улам урап түшкөн. Анын курулушу 12-кылымдын ортосунда башталып, 200 жылга жакын убакытта курулган. Өрт маалында урап калган кыл чоку ХIX кылымдын ортосунда архитектор Эжен Виолле-ле-Дюк тарабынан тургузулган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG