Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Рахмон өз ишин "ийгиликтүү" деп баалады


Эмомали Рахмондун парламенттеги кайрылуусу, 26-декабрь 2019-жыл.
Эмомали Рахмондун парламенттеги кайрылуусу, 26-декабрь 2019-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон акыркы шайлоо өнөктүгүндө элге берген убадаларын аткарганын айтып, өзүнүн соңку президенттик мөөнөтүн "ийгиликтүү" деп мүнөздөдү. Ал 26-декабрда парламенттеги үч саатка созулган жылдык кайрылуусунда Тажикстандын ички дүң жыйымы 7 жыл ичинде 45 миллиард сомониден (4,5 млрд. доллар) 78 миллиард сомониге (8 млрд. доллар) өскөнүн, мамлекеттин бюджети менен элдин кирешеси эки эсе көбөйүп, жакырчылык 25 пайызга кыскарганын айтты.

Бирок эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүндө Тажикстан постсоветтик чөлкөмдөгү жакырчылыктын деңгээли жогору, саясий жана жарандык эркиндик чектелген өлкөлөрдүн катарынан чыга элек. Тажик оппозициясы Рахмон бийликте турганда тескерисинче социалдык маселелер күчөп, миграциянын агымы кескин көбөйгөнүн белгилеп келет.


Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан Рахмон соңку ирет 2013-жылы жети жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган. Ал парламенттеги кайрылуусунда 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын же катышпай турганын айткан жок.

2016-жылы Тажикстандын Конституциясы өзгөртүлүп, "улут көсөмү" наамын алып жүргөн Рахмонго мамлекет башчылыгына чексиз шайланууга укук берилген.

Мындан тышкары президенттикке талапкердин жаш курагы 35тен 30га түшүрүлгөн. Талдоочулар бул өзгөрүү Рахмондун уулу Рустамга да президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бере турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG