Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

Нурмагомедовдун 100 миң долларлык футболкасы Мирзиёевдин күйөө баласында экени аныкталды


Футболка ушул тушта Ташкенттеги "BeFit" спорт клубунун дубалында илинип турат.
Футболка ушул тушта Ташкенттеги "BeFit" спорт клубунун дубалында илинип турат.

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун 100 миң долларлык футболкасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаровдо экени белгилүү болду.

Муну Орусиянын "RT Sport" телеканалы маалымдады. 24-декабрда чыккан берүүдө Нурмагомедовдун америкалык мушкер Дастин Порье менен таймашканда кийген футболкасы Ташкенттеги "BeFit" спорт клубунун дубалында илинип турганы айтылат. Быйыл сентябрь айында өткөн кайрымдуулук аукционунда бул футболка 100 миң долларга сатылган. Айрым бир маалыматтарга караганда спорт клубу Атабек Умаровго таандык. Анда Умаров орусиялык журналисттерге бул футболканы кимдир-бирөөлөр белек кылганын айтып, анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес.

Кайрымдуулук аукционунда Нурмагомедовдун футболкасын ким сатып алганы белгисиз бойдон калган.


Мындан бир ай мурда Атабек Умаров Өзбекстандагы Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча федерациясынын башчысы болуп дайындалган.

Анын алдында Хабиб Нурмагомедов Ташкентте академия ачканы жатканын жарыялаган. Ошондой эле 2020-2021-жылдары Өзбекстанда алгачкы ирет UFC уюмунун турнирин өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирген.

Атабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштейт. Ушул жылдын март айында Умаров Өзбекстандагы Триатлон федерациясынын башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй аталган федерацияга мурдагы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага таандык резиденция бекер берилери маалым болгон.

XS
SM
MD
LG