Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Кой-Таш окуясы: Мискенбаев камалды, Кодуранова, Карамушкина, Жолдубаева үй камагында калды


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту бүгүн, 27-декабрдын кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранованын, партия төрагасынын орун басарлары, депутат Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасын карап, үй камагында калтырды. Ал эми экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди сот камакка алды. Алардын адвокаты Замир Жоошев бул төрт адамга Кой-Таш окуяларында "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "калайман башаламандык уюштуруу", "барымтага алуу" боюнча айып тагылганын билдирди.

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында. Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.

XS
SM
MD
LG