Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү узартылды


Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк.
Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк.

Өкмөт айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартты. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-декабрда кол койду. Ушуну менен убактылуу күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү үчүнчү ирет узартылды.

Өкмөт бул чечим документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн кабыл алынганын билдирди. Убактылуу берилген күбөлүктөрдү оригиналга алмаштыруу иштери узун кезек менен коштолууда.

Кыргызстанда 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк жана автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган. Ишкана менен болгон келишим ушул жылдын апрель айында аяктаган.

Тендер жарыяланып анын жыйынтыгы чыккыча 56 миң кишиге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тарта берилип, учурда күбөлүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча август айында өткөн тендерди Казакстандын Улуттук банкынын карамагындагы Банкноттук фабрика уткан. Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп атамекендик «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому табылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG