Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:50

Быйыл орусиялык миллиардерлердин байлыгы 21 пайызга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы орусиялык миллиардерлердин байлыгы 21 пайызга өсүп, алардын капиталы учурда 51 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу "Bloomberg" агенттиги жазып, муну Орусиянын экономикасынын өсүшү менен байланыштырды.

Андан тышкары дүйнөдөгү эң бай деп саналган 500 адамдын байлыгы бир жылда 25 пайызга жогорулап 6 триллион долларга жетти. Баарынан көп кирешени «Louis Vuitton» компаниясынын жетекчиси Бернар Арно тапкан. Бир жылда анын байлыгы 36 миллиард долларга көбөйдү.

Ал эми «Фейсбук» социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы 27 миллиард долларга, «Microsoft» компаниясын негиздөөчүсү Билл Гейтстики 23 миллиард долларга өстү.

Дүйнөдөгү 500 миллиардердин ичинен 52 адамдын кирешеси азайды. Бардыгынан «Amazon» ишканасынын түзүүчүсү Жефф Безос чыгым тартып, 9 миллиард доллар жоготту. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG