Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

Нурбек Сыдыгалиев: Мандат тууралуу келишим болгон эмес


Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан жаңыдан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов менен мандат боюнча сүйлөшүү жүрбөгөнүн билдирди. Анын бул тууралуу айтып жаткан видеосу бүгүн интернетте тарады:

- Алмамбет Насырканович экөөбүз ага-ини болуп жүрөбүз, бир жерденбиз. Мандат боюнча бизде келишим, сүйлөшүү болгон эмес. “Алмамбеттин мандатын тапшыртып, мага берди” дегендей кылып жатышат. Андай болгон жок. Шыкмаматов менен Текебаевдин экөөнүн ортосундагы конфликтти мен билем, бирок айтпайм, - деди Сыдыгалиев.

27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун арызынын негизинде анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ордуна Сыдыгалиевди бекитти.

Талапкерлердин тизмесиндеги үч адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшканы айтылды.

Ошондуктан Шыкмаматовдун ордуна тизме боюнча жогорудагы үч талапкерден кийинкиси – Нурбек Сыдыгалиев депутат болду.

Шыкмаматов депутаттыктан кетүүнү өзү чечкенин, “Ата Мекен” партиясынан да биротоло чыкканын, лидер Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын, бирок саясаттан кетпей турганын билдирди.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Шыкмаматов менен эч кандай келишпестик болбогонун айтып, анын депутаттык мандатты тапшырганы алдын ала эле пландалган демилге болгонун айтты.

«Мындан бир топ убакыт мурда Шыкмаматов Сыдыгалиевге депутаттык мандатын өткөрүп бере турганын менин көзүмчө чечкен. Анткени алар шайлоодо Нарын облусу боюнча иштешип, ар кимиси эки жарым жылдан депутаттык мөөнөттө иштөө боюнча макулдашкан экен» деген Текебаев.

Сыдыгалиев 46 жашта. Бир нече жыл мурда ал өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеп кеткен. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG