Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ошто майрам күндөрү милициянын көчмө кабылдамасы иштейт


Милициянын көчмө кабылдама автоунаасы
Милициянын көчмө кабылдама автоунаасы

Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама автоунаасы майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Буга чейин Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө көчмө кабылдама автоунаасы эл арасын кыдырып арыз, даттанууларды кабыл алып келген.

Ушул жылдын башынан бери Ош облусу боюнча милициянын көчмө кабылдама автоунаалары менен жарандардан 690 арыз кабыл алынган. Алардын ичинен 98% кыска мөөнөттүн ичинде чечилген.

Майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөп, айрыкча үй-бүлөлүк чырдын алдын алуу жана спиртик ичимдиктерин саткан дүкөндөрдү көзөмөлдөө боюнча иш алып барышат. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын карамагында алты көчмө кабылдама автоунаасы бар. (MdN)

XS
SM
MD
LG