Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейи жабылууда


«Newseum» музейинде сүрөтү коюлган маркум журналисттер.
«Newseum» музейинде сүрөтү коюлган маркум журналисттер.

АКШнын баш калаасы Вашингтондогу журналистикага арналган белгилүү "Newseum" маалымат музейи жабылууда. Ак үй менен Капитолийдин так ортосунда жайгашкан музей 31-декабрда акыркы көрүүчүлөрүн кабыл алып жатат. Он бир жыл мурда ачылган бул жайдын жабылышына финансылык кыйынчылыктар себеп болду.

"Newseum" 2008-жылы дүйнөдө финансылык кризис башталар алдында ачылган. Андан бери музейге 10 миллионго чукул адам келип кетти. Жети кабаттан турган бул имаратта 15 галерея, 15 кинозал жана бир нече көргөзмө бар.


Ошондой эле дүйнө жүзүндө кесиптик ишмердигинен улам киши колдуу болгон журналисттердин сүрөттөрү жана алар тууралуу маалымат жазылган өзүнчө дубал бар. Алардын арасында кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун да ысымы жазылган.

"Newseum" музейинин башкы демөөрчүсү "Эркиндик форуму" уюму музей жоголуп кетпей турганын, экспонаттарды көчүрүү үчүн чаканыраак жай изделип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG