Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 29-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:46

Путин орусиялыктарды биримдикке чакырды


Орусиянын президенти Владимир Путин.

Президент Владимир Путин жаңы жылдык куттуктоосунда орусиялыктарды биримдикке чакырды. Анын салттуу видео куттуктоосу Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында жыл жанырганда жарыяланды.

"Биз оош-кыйыштуу, динамикалуу жана карама-каршылыктуу мезгилде жашап жатабыз. Биздин биримдигибиз эң жогорку максаттарды ишке ашырууга жол ачат", - деди Путин.

2019-жыл Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында бийликке каршы нааралызык акциялары менен коштолду. Ошондой эле быйыл Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы соңку он жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшүп кеткенин коомдук сурамжылоолор көрсөттү.

XS
SM
MD
LG