Бул боюнча 2017-жылы кабыл алынган мыйзам долбоору ушул жылдын 1-январында күчүнө кирди. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзамды үч жыл мурда кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт деп белгиленген.
Жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясий күчтөр шайлоо мыйзамын өзгөртүп, босогону тогуз пайыздан беш же жети пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуш кылышууда.
Бул боюнча «Ата Мекен», «Ак шумкар», «Ар-намыс», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» сыяктуу партиялар жана бир нече коомдук уюмдар биригип жатат. Алар президентке кайрылып, коомдогу ар кыл күчтөрдүн талабына кулак салууга чакырышты.
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу босого пайызды тогуздан бешке түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 2019-жылдын 29-октябрынан бери коомдук талкууда турат.
Президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын парламентке өтүү чеги тууралуу так позициясын айта элек. Ал былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында босого пайызды түшүрүү боюнча сунуштардан кабардар экенин, маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканын айткан. (BTo)