Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Австралия өрттү басууга үч миңдей аскерди тартмай болду


Австралия. 02.01.2020
Австралия. 02.01.2020

Австралия токойдогу өрттү басууга резервдеги үч миңден ашуун аскер кызматкерин тартмай болду.

Өлкөнүн коргоо министри Линда Рейнольдс өкмөттүн мындан башка аргасы калбай калганын билдирди.

Виктория жана Жаңы Түштүк Уэлс штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Соңку айларда Австралияда беш миллион гектарга жакын токой күйүп кетти. Кеминде 23 адам каза болуп, жүз миңдеген жаныбар жок болду. Миңден ашуун турак үй өрттөндү.

Түтүндүн айынан кээ бир райондордо өрттү абадан өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Ал эми катуу шамал жалындын тез жайылышын шарттоодо.

Континеттин түштүк-чыгышында алоолонуп жаткан өрттүн кесепетинен борбор шаар Канберрада абанын булганышы эң жогорку нормадан 26 эсе өйдө болуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG