Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

АКШ Жавад Зарифке виза берүүдөн баш тартты


Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Кошмо Штаттар ага виза берүүдөн баш тартканын билдирди. Ал Нью-Йоркко 9-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн бармак.

Жавад Зариф «алар АКШга кимдир-бирөөлөр келип чындыктын бетин ачат деп чочулашат, дүйнө Нью-Йорк менен эле чектелип калбайт» деп билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга байланыштуу комментарий бере элек.

Былтыр жайында Жавад Зариф Нью-Йоркко БУУнун жыйынына катышууга келгенде Вашингтон анын баскан-турганын чектеп койгон. Анда Зарифке Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде, Ирандын уюмдагы өкүлчүлүгүндө жана элчинин резиденциясында, Нью-Йорктогу Жон Кеннеди аба бекетинде гана болууга уруксат берилген.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси өткөн аптада Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини америкалык күчтөр Багдадда өлтүргөндөн кийин ого бетер курчуп жатат.

XS
SM
MD
LG