Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:29

Подмосковье: күнөсканадагы өрттө сегиз вьетнам жараны мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Подмосковье аймагынын Раменский районуна караштуу Нестерово айылындагы күнөсканадагы өрттө Вьетнамдан келген жети эркек менен бир аял ажал тапты. Дагы бир киши жаракат алды. Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык өкүлчүлүгү өрт мигранттар уктап жаткан маалда башталганын, алар качып үлгүрбөй калышканын билдирди. Башында өрттөн өлгөндөр тажик жарандары экени айтылып жаткан.

Баштапкы маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычтын айынан чыккан.

Вьетнамдык жарандар Орусияда кандай шартта иштеп жүргөнү азырынча белгисиз. Бул чарбанын расмий сайтында баш-аягы 600дөй адам эмгектенери, 30га чукул айыл жана дыйкан чарбалары бар экени жазылган.

Мындан төрт жыл мурун Москвада тигүүчү цехте өрт чыгып, анда иштеген кыргызстандык сегиз кыз ажал тапкан. Андан кийин Москвада басмаканада өрт тутанып, дагы 14 кыргыз мигранты мерт болгон. 2017-жылы Петербургдун жанындагы аймактагы өрттө Өзбекстан жети жаранын жоготкон.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG