Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Тегеранда кулаган учакта 7 өлкөнүн жарандары болгон


Украиналык учак кулаган жер. Тегеран, 8-январь, 2020-жыл.

Тегерандагы авиа кырсыкта курман болгондордун арасында 7 өлкөнүн жарандары бар болчу. Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко учакта ирандык 82, канадалык 63, украиналык 11 киши, андан тышкары Швециянын, Германиянын, Ооганстандын жана Британиянын жарандары болгонун «Твиттерге» жазды.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык «Боинг 737-800» шаршембиде эртең менен Тегерандан учуп чыгары менен кулаган. Бортунда 176 киши, анын ичинде экипаждын 9 мүчөсү бар болчу. Ирандын Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Касем Бинаиздин айтымында, моторлордун бирин өрт чалгандан кийин пилот учакты башкара албай калган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бардык жарандык учактарды текшерүү тапшырылганын билдирди.

Курман болгондордун жакындарына көңүл айткан президент Омандагы эс алуусун токтотуп, Киевге жөнөдү.

«Фейсбуктагы» комментарийинде Зеленский ар кандай жоромолдордон, айың кептерден карманууга чакырды.

Кырсык Иран АКШнын Ирактагы базаларына сокку ургандан көп узабай болгон.

Авиакомпания учак 6-январда техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөнүн, азырынча Тегеранга бардык каттамдар токтотуларын билдирди.

Маалыматтарга ылайык, кулаган учак мындан 4 жыл мурун заводдон чыккан.

XS
SM
MD
LG