Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 14:35

Генерал Хафтардын армиясы ок атышууну токтотпойт


Ливиядагы касташкан тараптардын кармашы. Триполи, 25-май 2019-жыл

Ливияда генерал Халифа Хафтардын армиясы Орусия жана Түркия президенттеринин 12-январдан тарта ок атышууну токтотуу сунушуна жооп берди.

Хафтарга баш ийген Ливиянын Улуттук армиясынын басма сөз катчысы Ахмад ал-Месмари жасаган билдирүүдө армия “дос мамлекеттин” президенти Владимир Путиндин демилгесин колдоо менен катар башкалаа Триполини басып алган “террорчул топторго” каршы күрөштү улантууну көздөйт деп айтылат.

"Өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн Хафтардын аскерлерине каршы согушкан күчтөрдү куралсыздандыруу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Улуттар уюму тааныган Ливиянын улуттук биримдик өкмөтү "ок атышууну токтотууга багытталган ишеним жараткан сунуштарды" кароого даярдыгын айткан.

Ливияда Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылган 2011-жылдан бери жарандык согуш тынчыбай келатат. Негизги тиреш эл аралык коомчулук тааныган Фаиз Сараждын өкмөтү менен Хафтар колдогон Абдалла Абдуррахмандын Тобруктагы убактылуу кабинети ортосунда жүрүүдө.

Маалымат каражаттары Хафтарды Москва колдойт деп жазып жүрүшөт. Орус бийлиги болсо муну расмий бышыктабайт. Жакында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган генералдын тарабында орусиялык "Вагнердин жеке аскердик" компаниясынын (ЧВК) жалданма жоокерлери согушуп жүрүшөт деген.

Түркия жана Орусия президенттери жогорудагы сунушту 8-январда Стамбулдагы жолугушууда киргизишкен.

Эки өлкө тең БУУнун жана Батыштын аракеттери Ливиядагы зомбулуктун өсүшүнө алып келди деп сындашууда.

Өткөн жылдын этегинде түрк парламенти Триполи өкмөтүнө жардам берүү үчүн Ливияга аскерлерди жөнөтүүнү жактырган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG