Бишкектин Султан Ибраимов жана Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Нават” чайканасында өрт чыкты.
Бул тууралуу окуяга күбө болгондор кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. Окуядан жараат алгандар жөнүндө так маалымат жок.
“Нават” - Бишкектеги белгилүү чайканалар түйүнү. (BkA)