Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч


Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

12-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепте баш калкалап турган адамдар үйлөрүнө жеткирилген. Бүгүн облустагы башка мектептер менен катар эле бул мектепте да окуу башталмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди:

- Шайдулла Ганыев атындагы орто мектепке жайгаштырылган адамдар 12-январь күнү үйлөрүнө кайтып кетишти. Мектеп окуу процессине толук даяр. 13-январь күнү өлкөнүн башка мектептери сыяктуу эле бул мектепте да кышкы эс алуудан кийин окуу жараяны уланат.

Аймакта кырдаал тынч. Абалга Мамлекеттик чек ара кызматы менен кошо Ички иштер министрлиги да күчөтүлгөн тартипте көзөмөл кылып жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Буга байланыштуу чыр чыккан Көк-Таш айылынын тургундары: аялдар менен балдар коопсуздук максатында мектепке жайгаштырылган эле.

Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке кагууда.

Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG