Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Ооганстанда сууктан жыйырмадан ашуун адам набыт болду


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган бийлигинин маалыматына караганда, Герат, Кандагар жана Гилменд провинцияларында жааган улуу кардан жана аба ырайынын кескин төмөндөгөнүнөн улам өлгөн адамдардын саны 24кө жетти. Аткаминерлер кишилердин тоңуп өлүүсү дагы көбөйүшү ыктымал экендигин айтышууда.

11-январь күнү өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы -12 градуска чейин төмөндөгөн. Ооган метеорологиялык кызматынын бөлүм башчысы Насим Муради суук дагы катуулашы күтүлүп жатканын айтты.

Ал эми улуу жааган кардын кесепетинен көптөгөн жолдор жабылган, анын ичинде Саланг тоннели жана Кабул менен Кандагарды байланыштырган кан жол да бар.

XS
SM
MD
LG