Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөновдун бөгөт чарасы аныкталып, №1 тергөө абагына 9-мартка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын 13-январда аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов 9-январда Бишкектеги кафелердин биринде 800 АКШ доллары өлчөмүндө пара менен кармалганы кабарланган. Ал кыргызстандыктарга чет элде иштөөгө квота берген комиссиянын төрагасы болуп да иш жүргүзөрү айтылган.

Маалымат боюнча, ал пара чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат алуу маселесин оң жакка чечиш үчүн талап кылынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG