Айбек Мусаев берген арызына ылайык ЭлТР телерадиокомпаниясынын башкы директорунун кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 13-январда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мусаев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келаткан.
Абылгазиевдин башка буйругу менен Керимбек Калыкулов ЭлТР каналынын жетекчиси болуп дайындалды. Өкмөт тараткан маалыматка караганда, Калыкулов Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Буга чейин «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.
2014-жылдын июлунан бери «Телеканал ОшТВнын» башкы директору болуп иштеп келген. (BTo)