Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Манхеттенде Евразия маданий борбору ачылды


Кыргызстан менен АКШнын туулары.
Кыргызстан менен АКШнын туулары.

Кыргыз-америка фонду негиздеген «Eurasia Cultural Center» аттуу маданий очоктун ачылышы Нью-Йорк шаарында 9-январда болду. Анын алкагында «Борбор Азия 2020-жылы» деген тегерек үстөл болуп өттү. Жыйында Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жакынкы келечектеги көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Анын ичинде «Орусия менен Кытайдын ортосундагы Борбор Азия» темасы талкууланып, аймактын экономикалык, саясий жана социалдык абалы жөнүндө айтылды.

Кыргыз-америка фондунун түзүүчүлөрүнүн бири Азамат Сыдыков маданий борбор АКШдагы бардык борбор азиялыктардын үйү болуп каларын билдирди. Анын сөзү боюнча бул борбор Нью-Йорк шаарында маданий жана агартуучу иш-чараларды өткөрүп турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG