Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Путин Медведевге жаңы кызмат сунуш кылды


Владимир Путин менен Дмитрий Медведев.
Владимир Путин менен Дмитрий Медведев.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыккандан кийин премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алды.

Анда Медведев Путиндин Конституцияны өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү кызматтан кетерин жарыялады. Медведев өкмөттүн кызматтан кетишин президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүрдү.

Путин өз кезегинде Медведевге жаңы өкмөт куралгыча милдетин толук аткарып турууну сунуш кылды. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат түзөрүн, ага Медведевдин талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.

Путин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктарын Мамлекеттик Думага берүүнү сунуш кылган.

Орус өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп жаткан. 2008-2012-жылдары президент болгон, анда өкмөттү Путин башкарган.

XS
SM
MD
LG