Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Райондук сот Аскаровдун ишин Жогорку сотко жиберди


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Базар-Коргон райондук соту июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча документтерди Жогорку сотко өткөрүп берди. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна аталган соттун басма сөз кызматы ырастады. Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Ал эми июль айында Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (BTO)

XS
SM
MD
LG