Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:31

Былтыр Тартип комиссиясына соттордун үстүнөн 863 арыз түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга каршы 863 кайрылуу түшкөн.

Анын ичинен Тартип комиссиясы 456сын артка кайтарып, 167 арыз боюнча сотторду тартип жазасына тартуудан баш тарткан.

32 судьяга алдын-ала эскертүү, 11 сотко эскертүү берилген. Беш судьяга сөгүш жарыяланып, эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга, ал эми үч сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Сотторго каршы дагы 135 арыз каралып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамды ден соолугуна байланыштуу деген жүйө менен абакка кесүүдөн баш тарткан Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды.

Сулайманова быйыл 8-январда «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» «Казак» деген каймана ат менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарган. Бул коомчулукта сынга кабылып, айрым депутаттар судьянын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу убадалар берилип келет. Бул багытта бийлик реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдиргени менен сот бийлигине карата сындар токтой элек. Президентке арызданып кайрылгандардын да 42,5% сот жана укук коргоо органдарына нааразы болгондор түзөт.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2017-жылы өз ишин баштаган. Ал судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошол учурда убактылуу кызматтан четтетип турууга макулдук берет. Комиссия мыйзам бузган судьяларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG