Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Москвада Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттер башталды


Илья Азар
Илья Азар

Президенттик администрациянын Москвадагы имаратынын алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттер башталганын “МБХ Медиа” жазып чыкты.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү орус президенти Владимир Путин сунуштап, жаңы редакцияны иштеп чыгууга саясатчы, юрист жана жылдыздардан топтолгон комиссия түзүлдү.

Пикет акциясын жергиликтүү депутат Илья Азар уюштурууда. Ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына Путин конституциялык алмашууну жасаганын жазып чыкты. Мыйзамга ылайык жалгыз пикеттер бийликтен уруксат алууну талап кылбайт.

Дагы бир жергиликтүү депутат Юлия Галямина Путиндин өзгөртүүсүнө каршы чыккандарды жекшемби күнү пландалып жаткан бирдиктүү жүрүшкө чыгууга үндөдү. Ал арада бийлик жүрүшкө чыккандарды мыйзам бузуу катары баалай турганын эскертти.

Путин өз сунушунда бийлик бутагындагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, Жогору жана Конституциялык сотторду кызматтан алуу укугун киргизүүнү демигелеген. Бул 1993-жылдагы Конституцияны кабыл алуудан берки Орусиянын тарыхындагы эң чоң саясий реформа болуп калмакчы.

Көпчүлүк эксперттер Путин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартууну көздөп жатканын болжошууда. Азыркы президент Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт жана Конституция ага талапкерлигин кайрадан жылдырууга мүмкүнчүлүк бербейт. (SDz)

XS
SM
MD
LG