Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Кылмыштуу топтун мүчөсү «Казак» бир айга камалды


«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.
«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.

Ош шаардык соту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовду 17-февралга чейин камакка алды. Сот тиешелүү токтомду 19-январда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Умар Маратов Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду сабаган окуяга тиешеси бар деген шек менен 17-январда Ош шаардык милициясы тарабынан кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, Раимбеков 11-январда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жырылып, оор абалда облустук ооруканага түшкөн. Ошондой эле акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жиберген. Бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козголуп, 16-январда Өзгөн жана Алай районунун эки тургуну да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган.

Ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Маратовду үй камагына чыгарып жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 17-январда мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. (BTo)

XS
SM
MD
LG