Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Журналист Турсунбек Бейшенбеков 48 саатка камакка алынды


Турсунбек Бейшенбеков.
Турсунбек Бейшенбеков.

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу 48 саатка камоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуп жатат. Бейшенбеков 16-январдагы сурактан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачык айткан эмес. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан.

15-январда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев да Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыккан. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялыгын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан эмес. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу экенин билдирген.

«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын жарыялаган.

Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG