Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Германияда мурдагы аскердик кеңешчи Иран үчүн тыңчылык кылган деп соттолууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шек саналган адамдын соту башталганы жатат. Маалыматка караганда, Абдул Хамид С. деген кишинин немис жана ооган жарандыгы бар. Ал Бундесверде котормочу жана кеңешчи болчу. Былтыр кармалып, көп жылдардан бери Ирандын чалгынчыларына маалымат берип жүргөн деп айыпталган.

Прокуратура шектүү адам 19 өтө жашыруун документти өткөрүп берген деп эсептейт. Иран мурдагы аскердик кеңешчи менен байланышканын четке кагууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Германиянын «Deutsche Welle» телерадио корпорациясынын суроосуна жооп берип жатып бул окуяны «душмандардын Ислам Республикасы менен Евробиримдиктин мамилелерине бут тосушу» деп мүнөздөдү.

Германиялык «Der Spiegel» басылмасынын жазганына караганда, шектүү адам купуя маалыматтар менен, асыресе Ооганстандагы аскерлердин жайгашуусунун чоо-жайы камтылган документтер менен иштечү.

Соттук процесс жабык өтүп, 31-мартка чейин созулмакчы.

XS
SM
MD
LG