Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

АКШ Сенаты президент Трамптын импичментин карай баштайт


АКШнын Жогорку сотунун башчысы Жон Робертс импичмент тууралуу жараянга төрагалык кылат. 16-январь, 2020-жыл.
АКШнын Жогорку сотунун башчысы Жон Робертс импичмент тууралуу жараянга төрагалык кылат. 16-январь, 2020-жыл.

Импичментке байланыштуу соттук териштирүү 21-январда башталып, алты күнгө созулушу күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө президенттин адвокаттары Сенатка Өкүлдөр Палатасынын дооматына расмий жооп жазылган кат тапшырышкан.

Катта Өкүлдөр Палатасынын 110 барактан турган документиндеги дооматтар «үстүрт» жана «кооптуу» деп айтылган. Трамптын адвокаттары аларда президент тарабынан мыйзам бузулганы көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, «Трамптын Украинага карата аракети АКШнын кызыкчылыгы үчүн жасалган» деп ырасташууда.

Өкүлдөр Палатасындагы демократтар 18-январда Трампты «АКШдагы шайлоого кийлигишүү үчүн расмий укугун кысым көрсөтүүгө пайдаланды» деп айыпташкан. Импичмент үчүн палатадагы бир да республикачы добуш берген эмес.

21-январда сенаторлор сот жараянын жүргүзүү эрежелерин макулдашат. Тараптар өз жүйөлөрү менен тааныштыруусуна эки күндөн төрт күнгө чейин убаыт кетери айтылууда. Андан кийин сенаторлор кошумча күбөлөрдү чакыруу маселесин чечүүгө тийиш. Трамптын адвокаттары жаңы күбөлөр чакырылышына каршы. Демократтар Сенаттагы талкууга президенттин жакын жардамчыларын, анын ичинде коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтонду чакырууну туура көрүшкөн.

Трампты бийликтен четтетиш үчүн Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин макулдугу керек. Бирок республикачылар басымдуулук кылган Сенатта бул мүмкүн эмес экенин серепчилер алдын-ала эле айтышууда.

XS
SM
MD
LG