Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 19 жаштагы кызды ала качкан деген шек менен эки кишини кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
11-январда Токмок шаарынын ыкчам тобунун кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармаган Ысык-Көл облусунун 27 жана 20 жаштагы тургундары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин бөгөт чарасы үй камагы деп белгиленген. Учурда Жазык кодексинин 175-беренеси менен («Үй-бүлө куруш үчүн уурдоо») Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, 11-январда Токмок шаарынын тургуну 19 жаштагы кызын ала качып кетишкенин айтып, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Арызында кызын Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан тапканын жазган. (TSh)