Орусиянын Томск облусундагы үйдөн чыккан өрт 11 кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын ону Өзбекстандын жарандары, эмгек мигранттары экенин ТАСС маалымат агенттиги жазды. Качып чыгууга үлгүргөн эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Причулымский айылындагы бул үйдү жыгач иштеткен кытайлык компания ижарага алган. Анда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандары, жалпысынан 14 киши жашаган.
Кырсык тууралуу кабар өрт өчүрүү кызматына 21-январда таңкы төрттөрдө түшкөн. Баштапкы маалыматка ылайык, өрт жылытуучу жабдыктан улам башталган.