Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Өкмөт: кыргыз-казак чек арасындагы айдоочуларга ысык чай берилүүдө


Жолугушуунун катышуучулары.
Жолугушуунун катышуучулары.

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров кыргыз-казак чек арасына барып, жүк ташуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Казак тараптын кошумча текшерүүлөрүнөн улам Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болуп жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстан менен кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

- Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу товар жана жүк ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүш үчүн чатырлар тигилип, бекер ысык чай берилүүдө, - деди Разаков.

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин узун кезеги 7-январдан баштап байкалган. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап жүк ташуучу автоунааларды түрдүү себептер менен өткөрбөй кармаган учурлар мурунку жылдары да катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG